Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:29

Швецияда АББАнын музейи ачылат


Швециянын борбору Стокголм шаарында эмки жылы АББА поп тобуна арналган музей ачуу каралууда. Бул тууралуу анын уюштуруучулары, анын ичинде топтун мурдагы мүчөсү Бьорн Улваеус кечээ жарыялашты. АББАдан тышкары экспозицияда швециялык башка популярдуу ырчылардын чыгармачылыгы да чагылдырылмакчы. АББА дүйнөдөгү эң популярдуу топтордун арасына кирет, анын 400 миллион нуска альбомдору дүйнөнүн булуң-бурчунда сатылган. Ырчылардын атагы 1974-жылы Евровидение ыр жарышын жеңип алгандан кийин чыккан. Баса, 2013-жылы Евровидение Швецияда өтөт.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG