Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:27

Барпылыктар Бишкек - Ош унаа жолун бууп турат


Ушу тапта Жалал-Абаддын Сузак районуна караштуу Барпы айылында Бишкек - Ош унаа жолу тосулуп турат. Нааразылык акциясы жарым саат мурда башталганын "Азаттыкка" облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Малик Нурдинов билдирди.

Акцияга чыккандар - Барпы айылынын 150дөй тургуну. Алар "Ата-Журт" партиясынын лидерлеринин бошотулушун талап кылып жатат.

Малик Нурдинов аларга карата күч колдонулбай турганын, түшүндүрүү иштери гана жүрүп жатканын айтууда.

Ички иштер министри Зарылбек Рысалиев мындан бир нече саат мурда парламентте маалымат берип жатып "Ата-Журттун" лидерлеринин кармалышы боюнча нааразылык акциялар жер-жерлерде пландалып жатканы тууралуу маалымат бар экенин, бирок Жалал-Абад шаарында гана 300-350 адам катышкан митинг болуп жатканын айткан.

"Эртең менен Майлуу-Сууда жана Базар-Коргондо көпүрөнү тособуз деп 20-30 жаш бала чыкты. Бирок айыл аксакалдары келип аларды кетирип жиберишти", - деген министр. (EBM/RK)

XS
SM
MD
LG