Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:19

Карзай бийликтеги мөөнөтүн узартпасын айтты


Ооганстан президенти Хамид Карзай 2014-жылга пландалган президенттик шайлоо өз мөөнөтүндө өтөт деп ишендирди. Кабулда өткөн пресс-конференцияда президент шайлоо сөзсүз болоорун, анын бийликтеги мөөнөтү бир эле күнгө узарып кетсе, ал мыйзамга каршы келээрин белгиледи. Карзай президенттикте калуу максатында конституцияга өзгөртүү киргизүүгө аракеттениши мүмкүн деген айың кептерди четке какты. Терроризм маселесине кайрылган ооган лидери Батыш кош стандарттуулукка жол берүүдө деп айыптады. Эл аралык контингент Ооганстанга терроризмге каршы күрөшүү үчүн жайгашкан, бирок өлкөнүн сыртында терроизмдин тамырын кыйуу үчүн жетиштүү чара көрүлбөй жатат, - деди Карзай. Ал АКШ аскерлери Ооганстанга кирип, Талибан режими кулатылган 2001-жылы бийликке келип, 2009-жылы кайра шайланган. Ал шайлоо бурмаланган деген катуу сынга кабылган.

XS
SM
MD
LG