Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:57

Түрк парламенти Сирияда аскердик операция жүргүзүүгө уруксат берди


Түркия парламенти куралдуу күчтөргө кошуна Сирияда аскердик операция жүргүзүүгө уруксат берди. Анадолу агенттигинин маалыматына караганда, бул сунушту 320 депутат колдоп, 129у каршы добуш беришти. Эми өкмөт бир жылдык мандаттын алкагында аскерлерди Сириянын чек арага жакын жердеги аймактарына жиберип, же аба соккуларын ишке ашыра алат.

Анын алдында түрк куралдуу күчтөрү Сириянын кечээки ракета атуусуна жооп иретинде кошуна өлкөдөгү буталарга артиллериядан сокку урганы кабарланган. Шаршембидеги чабуулдан түркиялык 5 жайкын тургун шейит кеткен

Бүгүнкү добуш берүүдөн кийин түрк өкмөт башчысынын орун басары Бешир Аталай бул жобо “согуш үчүн эмес, аскердик аракеттерди ооздуктоого багытталган” жана биз эл аралык мекемелер менен координациялап иш алып барууга артыкчылык беребиз, - деп белгиледи. Аталай Сирия окуя үчүн жоопкерчиликти өзүнө алганын жана кечирим сураганын кошумчалады.

XS
SM
MD
LG