Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:36

Шумахер бул жолу биротоло кетип жатканын жар салды


Формула-1 жарышынын 7 жолку чемпиону Михаэл Шумахер ушул сезондун этегинде карьерасын аяктаарын билдирди. "Коштошууга убакыт келди", - деп жазат веб сайтында 43 жаштагы пилот.

Бир нече күн мурун Мерседес командасы аны менен контрактты узартпай турганы белгилүү болгондон кийин Шумахерди башка команда жалдап алышы мүмкүн деген сөздөр айтылып келген. Атактуу пилот Гран При жарыштарында рекорддук 91 жолу жеңген. Формула -1дин чемпион наамын ал 2 ирет Бенеттон, 5 жолу Феррари командалары менен уткан. Шумахер 2006-жылы жарыштарга катышууну токтотуп, 2010-жылы кайра кайтып келген. Ошондон бери мурункудай ийгиликке жетише алган жок.

XS
SM
MD
LG