Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:29

HRW Орусияны укук коргоочулар иштешине опурталдуу өлкө деп атады


Уюм Орусияда адам укугун коргоочуларга иштеш үчүн абал улам начарлап баратканын, алардын Москвадагы негизги изилдөөчүлөрүнүн бири Татьяна Локшинага белгисиз бирөөлөрдөн телефонуна коркуткан СМСтер келип жатканын кабарлады.

Human Rights Watch уюмунун аткаруучу директору Кеннет Роз: "Биздин уюмдун Москвадагы бөлүмүнүн алдыңкы кызматкерлеринин бири Татьяна Локшина белгисиз адамдардан бир нече жолу коркутуп-үркүткөн СМСтерди алды, - деп кабарлады. - Алар Локшина каякта жашай турганын, эмне иш кылып жатканын, керек болсо, азыр кош бойлуу экенине чейин билишет экен. Анын өзүн эле эмес, баласын да коркуткан сөздөр бар. Муну жибергендер Татьяна Локшинаны коркутуп, аны менен бирге биз да Орусиядагы адам укуктарынын абалына көз салууну токтотушубузду каалап жатышса керек".

Адам укугун коргоочулар бул тууралуу жергиликтүү укук коргоо уюмдарына кабар берилгенин билдиришти.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG