Кечээ Түркиянын парламенти өзүнүн аскерлерине коңшулаш Сирия менен чектеш айрым райондордо аскерий операцияларга уруксат бергенден кийин өкмөт башчы Режеп Тайып Эрдоган: “Сирияга согуш ачуу ниетибиз жок”, - деп билдирди. Ошол эле маалда Эрдоган анын өлкөсү өзүнүн чек арасын жана элин коргоодон баш тартпай турганын айтты.
Бейшембиде Түркияда миңдеген эл демонстрацияга чыгып, Сирия менен эч кандай согуш ачпоону талап кылган. Андан бир күн мурда Сирия тараптан атылган бомбадан чектеш жердеги айылда түрк жарандары, анын ичинде үч жаш бала набыт болгон эле. Буга жооп кылып түрк аскерлери Сириянын бир топ жерлерине чабуул коюшкан.
Эми түрк парламенти кабыл алган чечимге ылайык, аскерий рейддерге жана абадан сокку урууга бир жылга уруксат берилди. Сирия болсо Түркияга жана жакындарын жоготкон түрк жарандарына “чын дилинен көңүл айтаарын” билдирди.