Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:38

БУУнун коопсуздук кеңеши Сирия Түркияны аткылоосун айыптады


Коопсуздук кеңеши беш кишинин өмүрүн алган аткылоону айыптап, Сирия өкмөтүнөн мындай кайталанбоосун талап кылды. Кеңештин бейшемби күнү кабыл алган чечиминде Түркияны аткылоо Сириядагы чатак коңшу өлкөлөрдүн коопсуздугуна, аймактагы кырдаалга коркунуч келтирерин далилдеп турат деп белгиленген.

Шаршембиде Сирия тараптан атылган бомбадан чектеш жердеги айылда түрк жарандары, анын ичинде үч жаш бала набыт болгон эле. Буга жооп кылып түрк аскерлери Сириянын бир топ жерлерине чабуул коюшкан. Кечээ Түркиянын парламенти өзүнүн аскерлерине коңшулаш Сирия менен чектеш айрым райондордо аскерий операцияларга уруксат бергенден кийин өкмөт башчы Режеп Тайып Эрдоган: “Сирияга согуш ачуу ниетибиз жок”, - деп билдирди. Ошол эле маалда Эрдоган Түркия өзүнүн чек арасын жана элин коргоодон баш тартпай турганын айтты.

Кечээ Түркияда миңдеген эл демонстрацияга чыгып, Сирия менен эч кандай согуш ачпоону талап кылган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG