Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:43

Атажуртчулар камалган үч депутат менен жолукту


Жогорку Кеңештеги “Ата-Журт” фракциясынын депутаттары Мыктыбек Абдылдаев, Ахматбек Келдибеков жана Курмантай Абдиев УКМКнын тергөө абагында камалып турган үч депутат менен жолугушту. Бул тууралуу “Азаттыкка” депутат Курмантай Абдиев билдирди.

Анын айтымында, Камчыбек Ташиев менен Садыр Жапаров азыр тергөө абагында, ал эми Талант Мамытов атайын кызматтын госпиталында кармалып турат. “Талант Мамытовдун алган жарааты бар болгондуктан, аны тергөөчүнүн чечими менен ооруканага жаткырышкан”, - деди Абдиев. Камактагы депутаттар УКМКнын кармоо шарттарына жана алардын жасаган мамилеси боюнча арызданышкан жок.

“Ата-Журт” фракциясынын депутаты Курмантай Абдиев кошумчалагандай, депутаттарды камакка алган 48 сааттык мөөнөт бүгүн кечинде аяктайт. Ага чейин сот депутаттар Камчыбек Ташиевдин, Садыр Жапаровдун жана Талант Мамытовдун баш коргоо чарасын карашы керек.

Абдиевдин айтымында, бир канча депутат сотко кайрылып, үч депутаттын баш коргоо чарасы боюнча камакка алууну эмес, башка чараларды колдонууну өтүнүп арыз беришкен. Арызда алар кармалган депутаттар эч кайда качып кетпесин белгилешкен. (ZB/RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG