Бүгүн Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынан бир топ аксакал президентке келди. Бул тууралуу “Ата-Журт” партиясынын төрагасынын орун басары Данияр Жаныкулов маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, аксакалдар “Ата-Журт” фракциясынын депутаттары Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев жана Талант Мамытовдун камалышын жана козголгон кылмыш ишинин токтотулушун айтып, президентке кайрылуу менен келишкен. (ZB/RK)