Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:37

"Ата-Журттун" үч депутатынын үстүнөн сот иши башталат


Ушул тапка Бишкектеги 1-Май райондук сотунда "Ата-Журт" франциясынын мүчөлөрү Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев, Талант Мамытовдордун үстүнөн сот иши пландалган. "Азаттыктын" кабарчысы билдиргендей, сот имаратынын айланасында 100дөгөн тартип коргоочулар жана коопсуздук күчтөрү жайгаштырылды.

Соттун алдында камактагы депутаттардын 70тен 100гө чейинки сандагы колдоочулары да чогулуп турат.

Жалал-Абад шаарында ата-журтчуларды бошотууну талап кылган миңдей киши митингин улантып жаткандыгын жеринен өз кабарчыбыз билдирди.

Ысык-Көл облусунун Түп районунда бүгүн 50 чакты киши депутат Садыр Жапаровду бошотууну, жана Кумтөр алтын кени боюнча макулдашуу кайра каралышын талап кылышкан эле.

Мамытовдун адвокаты анын бийликти басып алуу чакырыктарына катышы жок деп ырастады. Ички иштер министрлиги бүгүн Кыргызстандын аймагында жалпы коомдук-саясый абал тынч экендигин, бирок милиция дагы эле күчөтүлгөн тартипте иштеп жаткандыгын билдирген.

Президент Атамбаев мыйзам бузгандарды жазалоого чакырган. jch

XS
SM
MD
LG