Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:43

Азербайжанда хижабчы активисттер күч менен таратылды


Бакы калаасында бүгүн 100дөн ашык демонстрант мектепте хижаб жамынууга салынган тыюуну күчүнөн кетирүүнү талап кылышкан. Союл көтөргөн демонстранттар «Хижабга эркиндик!», «Ислам жеңет!» деген ураан-жазууларды көтөрүп турушту. Билим берүү министрлигинин алдында чогулган ондогон демонстрантты полиция чоюн союл менен кууп таркатты.

Полицияга каршылык көрсөткөн бир нече демонстрантты камакка алды. Азербайжан калкынын көбү исламдын шийи багытын карманат.

XS
SM
MD
LG