Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:18

Грузия: бийлик алмашуу сүйлөшүүсү «натыйжалуу» өтүп жатат


Ушул дүйшөмбүдөгү шайлоодо жеңип алган оппозицияга бийликти өткөрүү боюнча президент Саакашвилинин өкмөтү оппозиция менен бүгүн сүйлөшүп баштады.

Сүйлөшүүнүн натыйжасында жеңүүчү коалициянын башчысы, миллиардер Бидзина Иванишвили өкмөт башчылыгына келээри күтүлүүдө. Алгачкы сүйлөшүүгө катышкан "Грузин кыялы" коалициясынын мүчөсү Иракли Аласаниа сүйлөшүү абдан жыйынтыктуу болгондугун бышыктады.

Ал эми грузин парламентинин төрагасы Давид Бакрадзе Грузииянын тарыхында биринчи жолу бийлик демократиялык жол менен алмашып жаткандыгын, тажрыйба жана саясий маданият жетишпегендиктен улам кыйынчылыктар болоорун, ошондуктан эки тарап тең бардыгы абдан демократиялык, ачык жана туруктуу жол менен өтөөрүн так, даана айтыштары керек экендигин билдирди.

Иванишвили жетектеген "Грузин кыялы" 150 орундуу парламентке 1-октябрдагы шайлоодо ишенимдүү жеңишке ээ болду, бирок конституцияны өзгөртүү үчүн зарыл болгон 100 мандатка жете албаган шекилдүү.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG