Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:54

Тажикстандагы орус базасы дагы 30 жылга калат


Тажикстан менен Орусия Тажикстандагы орус аскер базасын 2042-жылга чейин калтыруу тууралуу келишимге жетишти. Келишимге бүгүн Дүйшөмбү калаасында Орусиянын президенти Владимир Путин менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон кол койду.

Кийин журналисттер менен жолукканда Путин мындай деди:

- Башкы документ - орус аскер базасы Тажикстанда 30 жылга чейин калышынын шарттарын караган келишим болду. Бул келишим биздин орток стратегиялык кызыкчылыктарыбызды коргоп, коопсуздукту бекемдеп, жалпы эле Борбор Азия аймагындагы кырдаалды турукташтырууну кепилдейт.

Путинден кийин сүйлөгөн Рахмон Орусия Тажикстандын армиясын заман талабына жараша техникалык жаңылоо, анын материалдык-техникалык менчигин жаңы куралдар менен камсыздоо милдетин өзүнө алаарын бышыктады. Орус тарабы ошондой эле аскер кызматкерлерин даярдап, Тажикстандын коргонуу тармагындагы башкы багыттарын жакшыртууга жардам берет» деди тажик президенти.

Путиндин жардамчысы Юрий Ушаков келишимдин мөөнөтү узартылгандыгы үчүн Орусия Тажикстанга «символикалык» акы төлөй тургандыгын айткан. Ал арада орус бийликтери Орусиядагы тажик мигранттарынын санын көбөйтүүгө макул болду.

XS
SM
MD
LG