Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:38

“Ата-Журттун” мүчөлөрү сотко алынып келди


Бийликти басып алууга аракет жасады деп айыпталган Жогорку Кеңештин “Ата-Журт” фракциясынан депутаттары: Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытов Биринчи Май райондук сотунун имаратына алынып келинди. Бул тууралуу соттон “Азаттыктын” кабарчысы билдирди.

Учурда Биринчи Май райондук соту “Ата-Журт” партиясынын мүчөлөрүнүн баш коргоо чарасын карап жатат. Анын жыйынтыгында депутаттардын 48 сааттык камоо мөөнөтү эки айга чейин узартылышы мүмкүн.

Сот имаратынын алдына депутаттардын 100гө чукул тарапкерлери чогулуп, “Депутаттар бошотулсун”, “Сот акыйкат чечим чыгар”, “Ташиевге боштондук” деп кыйкырып жатышат.

Ошондой эле айыпталуучуларды камакта калтырууну талап кылган “Апрел байрагы”, “Каркыра” уюмдарынын 30 чакты мүчөсү чогулуп турат.

Коомдук тартипке 200дөн ашык милиция кызматкери көз салууда.(BkA)

XS
SM
MD
LG