Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:44

Жалал-Абадда митингге чыккандар билдирүү даярдоодо


Эки күндөн бери аймакта митингге чыгып жаткандар камалган үч депутатты биротоло эркиндикке, кур дегенде баш коргоо чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгарууну
талап кылып жатышат. Болбосо нааразылык акциялары улана бере тургандыгын
билдиришти. Камалган депутаттарды коргоо комитети учурда Жогорку Кеңеш менен
президентке кайрылуу даярдоодо.

Комитеттин төрагасы Рашит Сулайманов каршылыкка чыккандарды жол тоспоого, тартип бузбоого, тазалыкка үндөдү. Митинг өткөн жерде ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов менен өкмөттүн облустагы өкүлү Жусубалы Төрөмаматов иш-аракеттерди мыйзам алкагында жүргүзүүгө чакырып жатышат.

Митинг 5-октябрда эки айга тергөө абагына камалган “Ата-Журт” фракциясынын депутаттары Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовду колдоо максатында өтүп жатат. Алар 3-октябрда Ак үйгө болгон чабуулга байланыштуу кылмышка шектелүүдө. (YA/AKu)

XS
SM
MD
LG