Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:42

Сириядан атылган ракета кайрадан Түркия аймагына тийди


Сириядан атылган дагы бир ракета Түркиянын аймагына тийгенден кийин Түрк артиллериясы жооп кайтарып, кошуна өлкөдөгү буталарды аткылады. Анадолу маалымат агенттиги президент Башар Асаддын армиясы менен козголоңчулардын Идлиб шаарындагы салгылашуусу учурунда минометтон атылган дүрмөт Түркиянын Гүвежи айылынын жанында жарылганын кабарлады. Андан эч ким жабыркаган жок. Айылга жакын жерде жайгашкан түр аскрелери дароо жооп кайтарышты. Ушундай эле окуя бир нече күн мурун болуп, Сирия тараптан атылган ракета түркиялык 5 жайкын тургундун өмүрүн алып кеткен. Эртеси түрк парламенти өкмөткө кошуна Сирияда аскердик операция жүргүзүүгө уруксат берген.

XS
SM
MD
LG