Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:44

Британия терроризм үчүн шектелген динаятчыны АКШга жөнөттү


Британия радикал исламчыл динаятчы Абу Хамза ал-Масрини Кошмо Штаттарга экстрадициялады. Ал жерде теги египеттик динаятчы терроризм үчүн соттолушу мүмкүн. Кечинде Абу Хамзаны Англиядагы абактан АКШнын аба базасына алып кетип, америкалык расмий өкүлдөргө өткөрүп беришти. Терроризм үчүн шектелип жаткан дагы 4 киши АКШга жөнөтүлдү. Кечээ Лондондун Жогорку соту алардын апелляциялык арызын четке кагып, бешөөнү тең дароо Кошмо Штаттарга экстрадициялоо тууралуу чечим чыгарган. АКШ Ал-Кайиданын колдоочусу Абу Хамза Йеменде адамдарды барымтага алууга катышкан жана Кошмо Штаттарда согушкерлердин машыгуу лагерин ачууну көздөгөн деп айыптоодо.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG