Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:04

Чүйдө 20 жаштагы аскер өзүн-өзү атып өлдү


Чүйдүн Ново-Покровка айылындагы 2026-аскердик бөлүгүндө ыкчам кызмат өтөп жаткан аскер 5-октябрда өзүн-өзү атып өлтүргөн. Атынып алган 20 жаштагы Чынгыз Нурланбек уулу ушул жылдын жазында аскерге чакырылган экен. Бул тууралуу "Азаттыкка" бүгүн УКМКнын чек ара аскер кызматынын басма сөз катчысы Марс Садыков билдирди.

Окуя кыргыз-казак чек арасында “Ак-жол” өткөрмө бекетинен 150-200 метр алыста болгон. Аскер өзүн кызмат учурунда атканын кызматташтары көргөн. Окуянын себиби азырынча белгисиз. Бул боюнча билдирүү аскердик прокуратурага жөнөтүлгөн жана Чек ара кызматынын борбордук аппаратынын офицерлери ишти териштирүүдө. (AKu)

XS
SM
MD
LG