Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:01

Бишкекте классикалык музыка фестивалы өтүүдө


Бишкекте XIX кылымдагы улуу немец композитору Рихард Вагнердин 200 жылдыгына арналган классикалык музыканын фестивалы өтүп жатат. Ага Германия, Түркия, Швейцария, Украина жана Кыргызстандын музыканттары катышууда. Бул тууралуу "Азатыкка" Улуттук опера жана балет театрынан кабарлашты.

5-октябрда Абдылас Малдыбаев атындагы улуттук опера жана балет театрында немец дирижеру Крситоф-Маттиас Мюллер дирижерлук кылган симфониялык музыканын концерти өттү. 6-октябрда ушул эле жерде вокалдык концерт болуп жатат, анын дирижеру КР эл артисти Александр Георгиев. 7-октябрда болсо Улуттук консерваториянын чоң залында эл аралык конкурстардын катышуучусу Игорь Четуевдин фортепианалык музыка кечеси уюштурулат.

Классикалык музыканын биринчи эл аралык фестивалынын максаты - маданият аркылуу достукту чыңдоо. (AKu)

XS
SM
MD
LG