Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:06

Пакистанда АКШ пилотсуз учактарынын соккуларына каршы жүрүш башталды


Пакистанда оппозициялык саясатчы Имран Хан Исламабаддан Түштүк Вазиристан аймагына карай жүрүш уюштурду. Акциянын катышуучулары 335 киломтер басып өтүп, америкалык пилотсуз учактардын соккуларына нааразылыгын билдиргиси келет.

“Адилеттүүлүк үчүн кыймыл” деген уюмдун жетекчиси Хандай эле пакистандыктардын бир тобу пилотсуз учактардын соккулары бейкүнөө адамдардын өмүрлөрүн кыйып жатат, андай чабуулдарды токтотуу зарыл деп эсептешет.

АКШ бийлиги пилотсуз учактар Ооганстан-Пакистан чек арасында жашырынган экстремисттерге каршы күрөштө эффективдүү курал экенин ырасташууда. Сокуулар абдан так урулат жана өлгөндөрдүн көбү Талибан же Ал-Кайида согушкерлери, - деп айтылып келет.

XS
SM
MD
LG