Жалал-Абадда камалган депутаттарды колдоп эки күндөн бери митингге чыгып жаткандар бүгүн тынч. Облустук администрациянын алдында тигилген үч боз үй дале турат. Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Малик Нурдиновдун билдиришинче, айрым жергиликтүүлөр 8-октябрда тынч митинг, жөө жүрүштөрдү уюштурууга камданып жатышат. Облустук бийлик өкүлдөрү жана тартип коргоо кызматкерлери элди тынчтыкка жана тартипти сактоого үндөп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.
Митинг 5-октябрда эки айга тергөө абагына камалган “Ата-Журт” фракциясынын депутаттары Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовду колдоо максатында өтөт. Алар 3-октябрда Ак үйгө кирүүгө болгон аракетке байланыштуу кылмышка шектелүүдө. (AKu/EBM)