Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:26

Пакистанда жөө жүрүш уланууда


Пакистанда оппозициялык саясатчы Имран Хан уюштурган жөө жүрүштүн катышуучулары түндүктөгү Хайбер Пахтунква чөлкөмүнө келишти. Алар америкалык пилотсуз учактардын соккуларына каршылыгын билдирип, кечээ Ооганстан менен чек ара аймагына бет алышкан. Кабарларга караганда, азыр кербен Танк деген айылга келди. Хан “Азаттыктын” Пакистан кызматына айтып бергендей, өкмөт тосмолорду коюп, колоннанын Танктан Түштүк Вазиристанга өтүшүнө тоскоолдук түзүүдө. Пакистан бийлиги исламчыл согушкерлер акция катышуучуларына кол салышы мүмкүн деп буга чейин эскерткен.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG