Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:34

Эйнштейндин "кудай жок" деген каты аукционго коюлду


Алберт Эйнштейндин кудайды адам баласынын дареметсиздигинин туундусу деп мүнөздөгөн каты интернеттеги ebay сайтында сатыкка коюлду. Физик жана гуманист Эйнштейн бул катты 1954-жылы, өлөөрүнөн бир жыл мурда жазып, философ Гуткиндге жиберген. Катында Эйнштейн Библияны сыйга татыктуу, бирок жаш баланыкындай примитивдүү уламыш деп мүнөздөгөн. Аты аталбаган сатуучу катты 2008-жылы Лондондогу Блумзбери аукционунда 404 миң долларга сатып алган. Кат 18-октябрга чейин сатыкта болот.

XS
SM
MD
LG