Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:44

Грузияда жаңы өкмөт түзүлөт


Грузияда парламенттик шайлоодо жеңишке жеткен "Грузин кыялы" коалициясынын төрагасы, өкмөт башчы болот делген Бидзина Иванишвили бүгүн жаңы өкмөттүн курамын жарыя кылат деп күтүлүүдө. Анда Иванишвили мурдагы өкмөттүн бир да мүчөсү ордунда калбайт деп эскертүүдө.

1-октябрдагы шайлоодо Иванишвили жетектеген "Грузин кыялы" коалициясы жеңишке жетишип, 150 орундуу парламентте 88 мандатка ээ болгон. Ал эми президент Михаил Саакашвилинин “Бирдиктүү улуттук кыймылы” жеңилгенин дароо эле моюнга алып, оппозицияга кетүүгө даяр экенин, жаңы өкмөттүн ишине тоскоол жаратпай турганын жарыялаган.

Жаңы өкмөттүн башына келе турган Иванишвили коңшу Орусия менен мамилени оңдоп, ошол эле учурда НАТО жана Европа Биримдиги менен карым-катнашты күчөтүүгө аракет кылаарын убада кылып жатат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG