Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:34

Чүйдөгү аскердин өлүмүн атайын комиссия иликтейт


5-октябрда кызмат өтөп жатып, өзүн-өзү атып өлтүрдү делген 20 жаштагы жоокер Чынгыз Нурланбек уулунун өлүмүн УКМКнын алдындагы чек ара аскерлигинин атайын комиссиясы иликтейт. Бул тууралуу чек ара аскерлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, комиссияны Чек ара аскерлигинин башкы командачысынын орун басары жетектейт.

Чүйдүн Ново-Покровка айылындагы аскердик бөлүктө кызмат өтөп жаткан катардагы аскер Чыңгыз Нурланбек уулу 5-октябрда өзүн-өзү атып өлтүргөн. Окуя кыргыз-казак чек арасында “Ак жол” өткөрмө бекетинен 150-200 метр алыста болгон. 20 жаштагы аскер ушул жылдын жазында аскерге чакырылган экен. (BkA)

XS
SM
MD
LG