Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:09

Бишкекте Каттоо кызматынын жетекчисинин орун басары сабалды


Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчисинин орун басары Сейдакмат Исмаиловду белгисиз адамдар сабап кетишти. Бул тууралуу “Азаттыкка” Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Айгүл Давлетбаева билдирди. Анын айтымында, Сейдакмат Исмаилов 6-октябрда Чүй облустук ооруканасына сабалганын айтып кайрылган. Дарыгерлер анын баш мээси чайкалганын жана денесинин ар кыл жеринен жараат алганын тастыкташкан. Исмаилов 7-октябрь күнү Бишкектеги Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнө сабагандарга чара көрүү өтүнүчү менен арыз тапшырган. Алдын ала маалыматтар боюнча, окуя Бишкектин Москва көчөсүндөгү кабат үйлөрдүн жанында болгон.

Орун басарынын сабалганын Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Эрлан Сапарбаев да тастыктап, Исмаилов учурда томографиядан өтүп жатканын “Азаттыкка” билдирди. Сапарбаев Исмаиловдун сабалышын анын ишмердүүлүгүнө байланыштырып, өзүнө багытталган аракет катары сыпаттоодо. Анткени Сейдакмат Исмаиловго Каттоо кызматындагы коррупциялык аракеттердин бетин ачуу, каржылык схемаларды иликтөө иши тапшырылган. Сапарбаевдин айтымында, Сейдакмат Исмаиловду чымыр денелүү эки адам сабап кеткен. (KKs)
XS
SM
MD
LG