Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:24

Жалал-Абадда митинг башталды


Жалал-Абаддагы облустук администрациянын алдында камактагы депутаттар Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовду колдогон митинг башталды. “Азаттыктын” аймактык кабарчысы билдиргендей, митингде чыгып сүйлөгөндөр депутаттардын үй камагына чыгарылышын талап кылууда. Айрымдар Кумтөр алтын кенин мамлекеттин карамагына өткөрүү маселесин көтөрүп жатышат.

Чогулгандардын алдына өкмөттүн облустагы өкүлү Жусубалы Төрөмаматов сүйлөп, митингчилердин талабы бийликке жеткирилип жатканын, депутаттардын тагдырын сот гана чечерин билдирди.

Уюштуруучулардын айтымында, митингге кеминде 3-4 миң адам чогулду. Милиция чогулгандар саны боюнча маалымат бербей жатат. Айрым байкоочулар митингчилердин саны 1,5 миңге жеткенин айтууда.

3-октябрда Бишкектеги Ак үй алдында чыккан башаламандыктан кийин депутаттар Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовго кылмыш иши козголуп, эки айга камакка алынган. (YA/KKs)

XS
SM
MD
LG