Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:01

Камактагы Кубатбек Кожоналиев президентке кайрылды


Кумтөр маселеси боюнча митингге катышып, камакка алынган коомдук ишмер Кубатбек Кожоналиев президентке кайрылды. Анын адвокаты Азизбек Турдалиевдин бүгүн Бишкектеги маалымат жыйынында билдиришинче, Кожоналиев өзүн мыйзамсыз камалдым деп эсептейт. Ал 3-октябрдагы өткөн тынч митингдин депутат Ташиев баштаган топтун Ак үйгө кирүү аракети менен эч кандай байланышы жоктугун айтууда. Мындан улам Кожоналиев президенттен Башкы прокуратура менен Улуттук коопсуздук комитетинин ишин көзөмөлгө алып, иштин тыкыр иликтенишине көз салууга чакырууда.

Кечээ Бишкектин Биринчи Май райондук соту Кубатбек Кожоналиевди УКМК тергөө абагына эки айга камакка алуу чечимин чыгарган. Ага бийликти басып алуу аракетине көмөктөшкөн деген айып тагылган. (ZB/KKs)

XS
SM
MD
LG