Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:39

Бишкек шаардык кеңешине талапкерлер көрсөтүлө элек


25-ноябрга белгиленген Бишкектеги шаардык кеңештин шайлоосуна эч бир партиядан талапкерлер көрсөтүлө элек. Бул тууралуу “Азаттыкка” Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматынан кабарлашты. Бүгүнкү күнгө карата “Ата Мекен”, “Республика” жана “Мекен ынтымагы” партияларынын ыйгарым өкүлдөрү каттоодон өттү. Мыйзамга ылайык, бул өкүлдөр аймактык шайлоо комиссиясы менен бирге иштеп, аларга партиянын талапкерлери тууралуу тиешелүү документтерди даярдап беришмекчи.

Бишкек шаардык аймактык шайлоо комиссиясынан “Азаттыкка” кабарлашкандай, документтерди кабыл алуу 15-октябрда аяктайт. Талапкерлерди каттоо жараяны болсо 25-октябрга чейин созулат. (KKs)

XS
SM
MD
LG