Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:33

Уго Чавес 2018-жылга чейин президент болот


Уга Чавести шайлоочулардын 55 проценти, атаандашы Энрике Каприлести 45 процентти колдогону расмий маалымдалды. Бул социалист-саясатчынын үчүнчү жолу президенттикке шайланышы. БШКнын кабарлашынча, 7-октябрда 19 млн. го жакын шайлоочунун 80 проценттен көбүрөөгү добуш берди.

40 жаштагы Энрике Карилес шайлоо жыйынтыгы маалым болгондон кийин Каракаста жактоочулары алдында сүйлөп, мындай деди:

- 14 жылдан бери бийликте отурган саясый кыймыл элдин теңине жакыны ага ынанбаганын түшүндү деп үмүт кылам. Бийликте калгандарды өлкө калкынын дээрлик теңин урматтап, алардын пикири менен эсептешүүсүн сурайм.

Уга Чавес - Орусия, Беларус жана Иран бийликтеринин союздашы. Ал 1999-жылдан бери мунайга бай Венесуэланын лидери. Латын Америкасында 58 жаштагы Чавестен көп шайлоодо жеңип, бийликте отурган президент жок. Адам укугун коргоочулар жана маалымат булактары Уго Чавести анын бийлигин сындоочуларды аябасын айтып келишет.

XS
SM
MD
LG