Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:24

Түркия-Сирия арасында аткылашуулар уланууда


Жекшемби күнү Сирия артиллериялык куралдардан Түркиянын Акчакале шаарындагы дан сактоочу кампа тарапты аткылагандан кийин, түрк армиясы кайра жооп берди. 3-октябрда Сирия жактан болгон аткылоодон Акчакаладе беш жаран набыт кеткенден тарта эки жак үзбөй аткылашууда. Сириядагы адам укугуна байкоо жүргүзчү уюмдун кабарлашынча, түрк артиллериясы аткан снаряддар өкмөттүк аскерлер чабуул жасап жаткан Тел Абаяд шаарынын чек жакасына түшкөн.

Сириянын өкмөттүк булактары жекшемби күнү Дамаскинин ортосундагы полициякана жанында автомобилге коюлган бомба жарылып, бир киши өлгөнүн билдирди.

XS
SM
MD
LG