Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:36

Жалал-Абадда Ташиевди колдогон аялдар ачкачылык жарыялады


Жалал-Абадда депутаттар Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовдун бошотулушун талап кылган тогуз аял ачкачылык жарыялады. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин түштүк аймагы боюнча басма сөз кызматынын өкүлү Таалайбек Суусунбаев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, ачкачылык жарыялагандар азыр облустук администрациянын алдында тигилген боз үйлөрдө отурушат. Алар бүгүн митингге чыккандардын талабы аткарылмайынча, ачкачылыгын уланта берерин айтып жатышат. Бүгүн Жалал-Абадда митингге чыккандар депутаттардын бошотулушун талап кылып, президентке кайрылуу жөнөтүштү. (KKs)

XS
SM
MD
LG