Кыргызстандын Германиядагы элчиси Болот Отунбаев дагы үч өлкөгө элчи болуп дайындалды. Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевдин буйругу менен Отунбаев Кыргызстандын Швеция королдугундагы, Сан-Маринодогу жана Ыйык тактыдагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси кызматын аркалай турган болду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. (KKs)