Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:32

Кыргызстан Бажы Биримдигине кошулат


Мындай билдирүүнү өлкөнүн тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев дүйшөмбү күнү Москвада Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен кездешкен соң жасады:

- Бизде Бажы Биримдигине кошулайын деген ниетибиз бар. Азыр жумушчу топтор тынбай иштешүүдө. Бардык процедураларды эске алуу менен Бажы Биримдиги жана Кыргызстандын кызыкчылыгына ылайыктуу орток бир жолду тапканга аракет кылуудабыз. Бул иш ийгиликтүү бүтөт жана Кыргызстан бул уюмдун тең укуктуу мүчөсү болот деп ойлойм.

Бажы Биримдигине азыр Орусия, Беларус жана Казакстан мүчө. Быйыл январдан тарта уюмга мүчө үч мамлекет түзгөн Жалпы экономикалык мейкиндикте акча, жумушчулар, түрдүү тейлөөлөр жана товарлар эркин алмаша баштаган. Кремлдин билдиришинче, максат 2015-жылга Европа Биримдиги сыяктуу Евразия экономикалык биримдигин түзүү.

XS
SM
MD
LG