Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:01

Пан Ги Мун Сириядагы абал дүйнөгө жылжып барат деди


Түркия бийликтери жана Сирия оппозициясынын маалымдашынча, бүгүн Сирия артиллериялык куралдардан Түркияны аткылагандан кийин, түрк армиясы кайра жооп кайтарып, Сирия жакты аткылады. Чек ара аткылашуусу 18 ай мурда Сирия президенти Башар Асадга каршы башталган козголуш жүрүп отуруп жарандык согушка айлангандан берки Дамаск-Анкара ортосундагы өтө олуттуу окуя. Мындай аткылашуу 3-октябрда Сирия жактан болгон аткылоодон Акчакаладе беш жаран набыт кеткенден кийин башталды. Акыркы жумаларда Түркия Сирия менен ортодогу 900 чакырымдык чек арага кошумча аскер тарткан.

БУУнун башкатчысы Пан Ги Мун бүгүн Страсбург шаарында “Демократия үчүн” деп аталган форумда сүйлөп, Сириядагы кырдаал региондун чегинен чыгып баратканына көңүл бурду:

- Сириядагы кырдаал аябай начарлап кетти. Бул Сириянын коңшуларындагы жана бүтүндөй региондогу стабилдүүлүккө олуттуу коркунуч жаратууда. Чатактын Сирия-Түркия чек арасында күчөшү жана кризистин Ливанга тийгизген таасири абдан коркунучтуу. Бул дүйнөгө жайылчу регионалдык апаат экенин көрсөтөт.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG