Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:35

Жалал-Абадда ачкачылык жарыялагандардын саны көбөйүүдө


Шаардын борбордук аянтындагы боз үйдө ачкачылык жарыялагандарга кечки саат 9дан кийин Сузак районундагы Кызыл-Сеңир айлынан Анипа Абдуллаева менен Өзгөн районунан Суксур Сыдыкова келип кошулду. Буларды кошкондо бүгүн ачкачылык жарыялаган аялдардын саны түнкү саат он жарымда он экиге жетти. Алар камалган депуттар бошотулмайын акцияларын уланта берээрин жана нааразылык билдирүүнүн мындан башка да чараларына барууга камдуу экендигин билдиришти. Алардын ден-соолугунан кез-кез келип кабар алган дарыгерлер үч аялга ачка отурууга мүмкүн
эместигин эскертишкен.(YA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG