Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:59

Түлеевдин баш коргоо чарасын кароо кийинкиге жылды


Бишкектин Биринчи Май райондук соту кечээ Жогорку Кеңештин депутаты Нариман Түлеевдин баш коргоо чарасы боюнча ишти караган судья алмашканына байланыштуу кийинкиге жылдырды. Бул тууралуу “Азаттыкка” депутаттын адвокаты Кубанычбек Ташбалтаев билдирди.

Анын айтымында, ишти карап жаткан судья Бекболот Жаналиевдин алмашышынына Түлеевдин адвокаттарынын ага ишеним көрсөтпөө тууралуу өтүнүч келтиргени себеп болгон. Эми депутаттын баш коргоо чарасын кароо башка судьяга жүктөлөт. Азырынча сот иши качан уланаары белгисиз.

Коррупциялык иштерге шектелип, УКМКнын тергөө абагына камакка алынган Нариман Түлеевдин камактагы мөөнөтү 15-октябрда соңуна чыгышы керек. Мындан улам мамлекеттик айыптоочулар бул мөөнөттү 15-ноябрга чейин узартуу өтүнүчү менен сотко кайрылган.(BkA)

XS
SM
MD
LG