Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:07

Бишкекте Марина Цветаеваны эскерген поэзия күндөрү өтүүдө


Бишкекте бүгүн орустун улуу акыны Марина Цветаеванын 120 жылдык мааракесине карата уюштурулган поэзия күндөрү жыйынтыкталат. Бул тууралуу иш-чараны уюштурган Бишкектеги Орусия кызматташтык коомунан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, эки күнгө созулган адабий иш-чаранын алкагында Бишкектеги бир катар университеттерде, мектептерде Цветаеваны эскерген кечелер уюштурулган. Ошондой эле студенттер менен окуучулар арасында акындын чыгармачылыгына арналган эссе, иллюстрация конкурсу да болуп өттү.

Бул конкурстардын жыйынтыгы бүгүн Кыргыз-Орус Сляван университетинде өтө турган кечеде чыгарылып, жеңүүчүлөр сыйланат.

Марина Цветаева XХ кылымдагы улуу орус акындарынын бири. Ал СССрде Сталиндик режимдин куугунтугуна кабылып, четке эмиграцияланган жана четтеги эң көп окулган орус акыны катары таанылган. Цветаева оор саясий куугунтуктардан соң 1941-жылы 48 жашында өз жанын өзү кыйган.(BkA)

XS
SM
MD
LG