Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:26

УЕФА президенти Бишкекке келди


Европа футбол ассоциациялар бирикмесинин президенти Мишель Платининин учагы түшкө жуук Бишкекке конду. Футбол федерациясынан “Азаттыкка” кабарлашкандай, Платини бул сапарында өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев жана футбол федерациясынын өкүлдөрү менен жолугуп, Кыргызстандагы футболдун абалын талкуулайт. Кечинде “Легенда кубогу” аттуу мелдештин алкагында “Алга” жана “Алай” командаларынын оюнуна күбө болот. УЕФА президентинин Бишкек сапары 10-октябрда аяктайт.

Мишель Франсуа Платини УЕФАнын экинчи мөөнөткө шайланган президенти. “Алтын топ” сыйлыгын үч жыл катарынан алган дүйнөдөгү жалгыз футболчу. (KKs)

XS
SM
MD
LG