Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:27

Сырттан келген оюнчуктардын 30%ы талапка жооп бербейт


Кыргызстанга чет өлкөдөн ташылып келген оюнчуктардын 30 пайызы талапка жооп бербейт. Бул тууралуу “Азаттыкка” Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл кызматынын жетекчиси Сабиржан Абдыкеримов билдирди. Анын айтымында, акыркы жылдары Кытайдан аткезчилик жолу менен келген оюнчуктардын саны өскөн. Алардын курамында ден соолукка зыяндуу ар кандай химиялык заттар табылууда.

Маалыматка ылайык, буга чейин сырттан келген оюнчуктар атайын санитардык нормалар менен текшерилип турган. 2011-жылы ал нормалардын мөөнөтү бүткөнүнө байланыштуу жаңы техникалык регламент иштелип чыкан. Бүгүн ал регламент Жогорку Кеңештин Социалдык саясат комитетинде жактырылды. (ST)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG