Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:01

Владимир Козловдун соттолушу АКШны тынчсыздандырды


Казак оппозициясынын лидеринин соттолушу АКШны тынчсыздандырды. Расмий каттоодон өтпөгөн “Алга” партиясынын төрагасы Владимир Козлов өлкө батышындагы мунай кедеринин жумушчуларынын былтыр күздө Атырау шаарында болгон иш таштоолоруна тиешеси бар деп, 8-октябрь күнү 7, 5 жылга эркинен ажыратылган.

Мунайчылардын иш таштоолоруну басууда 17 адамдын каны төгүлгөн. 52 жаштагы Козлов өзүн акмын деп эсептейт, сот өкүмдү саясый жүйөөдөн улам чыгарганын айтууда.

Бүгүн АКШнын Астанадагы элчилиги жасаган кайрылууда Кошмо Штаттар Казакстандын “ачык-айкындуулук жана демократияны” урматтоосун баалары, бирок оппозициянын үнүн басуу үчүн криминалдык система колдонулаганы Вашингтонду кабатыр кылганы айтылат.

XS
SM
MD
LG