Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, Кыргызстанда соңку бир аптада жугуштуу оорулар көбөйдү. Маалыматка ылайык, сарык оорусуна чалдыккандардын саны 22 пайызга, сасык тумоо жуктуруп алгандардын саны 9 пайызга өстү.
Бир апта ичинде жугуштуу сарык оорусу менен Бишкекте 365, Ош облусунда 158, Чүйдө 172 адам ооруканага кайрылган. Ал эми Жалал-Абад облусунда эки адам ич келте жуктуруп алган. (ST/KKs)
Бир апта ичинде жугуштуу сарык оорусу менен Бишкекте 365, Ош облусунда 158, Чүйдө 172 адам ооруканага кайрылган. Ал эми Жалал-Абад облусунда эки адам ич келте жуктуруп алган. (ST/KKs)