Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:30

Бишкекте Түлеевдин баш коргоо чарасы каралууда


Ушул тапта Бишкектеги Биринчи май райондук сотунда коррупцияга шектелген депутат Нариман Түлеевдин баш коргоо чарасы каралууда. Райондук соттун кабылдамасынан “Азаттыкка” тастыкташкандай, ишти жаңы судья карап жатат. Соттун алдында Түлеевдин жактоочулары нааразылык билдирип турушат.

Маалыматка ылайык, мамлекеттик айыптоочу Нариман Түлеевдин камактагы мөөнөтүн 15-ноябрга чейин узартууну соттон өтүнүүдө. Бул боюнча кечээки соттук жараянда адвокаттар судьяга ишеним көрсөтпөй коюп, чечим кабыл алынбай калган. Түлеевдин камактагы мөөнөтү 15-октябрда соңуна чыгышы керек. (KKs)

XS
SM
MD
LG