Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:47

НАТО Түркияга тилектеш экенин билдирди


"Түркия НАТОнун тилектештигине таянса болот. Аскердик альянста непада зарыл болсо, Түркияны коргоого зарыл пландары даяр". Мындай билдирүүнү НАТОнун башкатчысы Андерс Фог Расмуссен альянстын коргоо министрлеринин Брюсселде ачылчу жыйыны алдында жасады. Эки күндүк жыйын Сирия менен НАТОго мүчө Түркия арасындагы кырдаал курчуп турган кезде өтүүдө. Алты күн мурда Сирия тараптан атылган снаряддан чек арадагы Акчакале шаарында беш түрк жараны набыт болгон. Ошондон бери Түркия жана Сирия бири биринин территориясын жарыша аткылашууда. Сирияда 18 айдан бери козголоңчулар президент Асаддын башкаруусуна каршы күрөшүүдө. Согушта оппозициянын ырасташынча, 25 миңден ашуун адам набыт болгон.

XS
SM
MD
LG