Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:16

“Инфоком” ички паспортторду чыгара баштайт


Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, бүгүн премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев калкты паспорт менен камсыз кылуу боюнча токтомго кол койду. Ага ылайык, мамлекеттик “Инфоком” ишканасы алдыңкы жети күндүн ичинде ID Card үлгүсүндөгү паспортторду чыгарууга милдеттендирилди.

Жалпы жарандык паспортту чыгарууну болсо келишим бүткөнгө чейин «Интел Линкс» компаниясы уланта берет. Бул компания менен келишим 2013-жылдын апрель-май айларында аяктайт. Андан соң чет өлкөгө жарамдуу паспортторду чыгаруу укугу “Инфоком” ишканасына өтөт.

Кыргызстанда 4-октябрдан баштап ID Card үлгүсүндөгү ички жарандык паспортторду берүү токтотулган. Буга аталган паспортторду даярдап чыгарган “Интел-Линкс” жеке менчик компаниясы менен болгон келишимдин мөөнөтү аяктагандыгы себеп болгон. (KKs)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG