Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:23

Грекияда эң чоң антиөкмөттүк демонстрация болду


Германия канцлери Ангела Меркелдин Афинада өткөргөн сүйлөшүүлөрү маалында ордолуу шаарда он миңдеген адамдар катышкан көчө жүрүшү өтүп жатты. Меркел айым 2009-жылы евромейкиндиктеги кризис Грекияны каптагандан бери өлкөгө биринчи жолу алты сааттык визит менен болду. Афинанын ортосунда таш ыргытып, Молотов коктейлин жардырган демонстранттарды тынчытуу үчүн полиция көздөн жаш агызчу газ колдонду. Тополоң чыгып кетпеси үчүн Афинада 7 миңдей полициячы күзөткө чыкты.

Дүйшөмбү күнү да Афиныда миңдеген адамдар демонстрацияга чыккан. Көпчүлүк гректер Ангела Меркелди Грекияны кудуретсиздиктен качуу жана Евромейкиндиктен насыя алуу үчүн катаал реформага барууга жооптуу деп күнөөлөштү.

XS
SM
MD
LG