Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:34

Pussy Riot Сахаров сыйлыгына көрсөтүлдү


Европа парламенти Беларуста камактагы активист Алеш Беляцкий, ирандык Насрин Соудех жана Жапар Панахи менен катар орусиялык Pussy Riot музыкалык тобун Сахаров сыйлыгына сунуш этти. Советтик диссидент Андрей Сахаров атындагы жылдык сыйлык адам укуктары жана ой эркиндиги үчүн күрөшкөн тараптарга берилет. Иранда алты жылга кесилген адвокат Насрин Сотудех жана режисер Жафар Панахи сыйлыкка татый тургандардын алдыңкы катарында аталууда. Беляцкий Беларустагы Адам укуктарынын «Весна» борборунун негиздөөчүсү. Pussy Riot-тун үч мүчөсү Маскөө чиркөөсүндө «Кудайдын энеси, Путинди чиркөөгө жолотпо» деген маңыздагы ырды ырдагандыгы үчүн эки жылга кесилишкен. 50 миң евро суммасындагы сыйлыктын жеңүүчүсү 26-октябрда жарыяланат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG