Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:00

Жалал-Абадда ачкачылык жарыялагандар 40 кишиге жетти


Камактагы депутаттардын боштондугун талап кылып, ачкачылык жарыялагандардын саны 40 адамга жетти. “Азаттыктын” облустагы кабарчысынын билдиришинче, алардын ичинен саламатыгы начарлаганына байланыштуу төрт аял кечээ кечинде ооруканага жаткырылып, алты адам амбулаториялык дарыланууга жиберилди.

Ошентип учурда облустук акимияттын имаратынын алдында тигилген боз үйлөрдө 30 адам ачкачылыгын улантып жатат. Алар камактагы “Ата-Журт” партиясынын мүчөлөрүн бошотуу талабы аткарылмайынча, акцияны уланта берерин айтышууда.

Ошол эле учурда Садыр Жапаровдун тарапкерлери да ачкачылык жарыялаарын билдиришти. Жапаровду коргоо комитетинин төрагасы Кеңешбек Жумабаевдин айтымында, бүгүн депутаттын беш тарапкери Жалал-Абадга барып, ал жакта ачкачылык жарыялагандарга кошулат.(YA\BkA)

XS
SM
MD
LG