Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:04

Он ишкана Казакстанга күнүнө 120 тоннадай сүт азыгын сатчу


Казакстан тыюу салган кыргызстандык он компания күнүнө 120 тоннадай, башкача айтканда 5 млн. сомдун тегеринде сүт азыгын сатчу. Бул өндүрүлгөн продукциянын 70% экспорттолот дегенди билдирет. Бул тууралуу “Азаттыкка” Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин өкүлү Асанкул Эгембаев билдирди.

3-октябрдан тарта казак тарап Кыргызстандан ташылган сүт азыктарына тыюу салган. Казакстан мындай кадамга кыргыз тарап өзүнө жүктөлгөн милдеттемелерди аткарбай койгону үчүн барганын билдирген.

Казакстан менен Кыргызстандын ортосундагы сүт маселесине байланыштуу Астанада өткөн сүйлөшүү ийгиликсиз аяктаганын "Азаттыкка" республикалык ветеринардык департаменттин директору Жаныбек Султанов кабарлады. Анын айтымында, Казакстан Кыргызстанда малды идентификациялоо тууралуу мыйзамды кабыл алмайын, сүт азыктарын өткөрбөй турганын билдирүүдө. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG